Опарин Александр Иванович

Опарин, Александр Иванович (1894—1980) — сов. био­химик, Жердеги тиричиликтин пайда болушу жөнүндөгү ил. теорияны негиздөөчү, СССР ИА-нын акад. (1946; корр. мүчө, 1939).

  • Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). 1917-ж. Москва ун-тин бутүргөн.
  • МГУнун өсүмдүк биохимиясы кафедрасына башчы (1942—60). 1935-ж. сов. биохимик А. Н. Бах менен бирге СССР ИАнын Био- хим. ин-тун уюштурган.
  • 1946-жылга чейин ошол ин-ттун директорунун орун басары, директору.
  • 1948—55-ж. СССР ИАнын биол. илимдери бөлүмүнүн акад. секретары.
  • Анын ил. эмгектери биохим. жол менен өсүмдүк сырьёлорун иштетүү, өсүмдүктөгү ферменттердин таасири, Жерде тиричиликтин пайда болуу маселесине арналган.
  • Опарин тамак-аш продуктуларын өндүрүү технологиясы биокатализдин жардамы менен ишке ашарын көрсөткөн.
  • СССРдеги тех. биохимиянын негиздөөчүсү.
  • Жердеги тиричиликтин пайда болушу жөнүндө «Тиричиликтин келип чыгышы» деген китебин жазган (1924).
  • Опарин — тиричиликтин келип чыгышын изиддөөчү эл аралык коомдун президенти (1970), Болгария, ГДР. Испания, Италия ИАларынын ардактуу мүчөсү; Германиядагы «Леопольдина» табият таануучулар академиясынын мүчөсү.
  • Лениндик сыйл. лау­реаты (1974);
  • А. Н. Бах атн. сыйлык. И. И. Мечников атн. Алтын медаль ыйгарылган.
  • Беш Ленин ордени, баш­ка 2 орден, о. эле чет элдик ордендер жана медалдар менен сыйланган


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.