Описторхоз (латын тилинен opisthorchiasis) — описторхис тасма курту (узундугу 4 —13 мм) пайда кылган мите оорусу.

Боордогу мите
Описторхистин биринчи ээси-үлүл
[Описторхис

Жетилген описторхис мите курту адам менен жаныбарлардын боорунда, өт жолдорунда, уйку безинде мителейт. Анда алар тууган жумурткалар ичегиге өтүп, заң менен сыртка чыгат. Эгер сууга түшкөн жумуртканы үлүл (моллюска) жутуп алса, анда куйруктуу личинкага — церкарийге айланат. Ал моллюскадан сууга чыгып, балыктын денесине (тери алдына, булчуңдарга) кирет. Кишилер чала бышкан (куурулган) же чийки (тоңдурулган, туздалган) балыкты жегенде описторхозду жугузуп алат. Калтырап, титиреп, чыйрыгып, төш айбалкасы жана оң кабырганын асты ооруп, башы айланып, кусат. Описторхоздун диагнозу заң же өттөн описторхистин жумурткасы табылгандан кийин коюлуп, дарылоону врач жүргүзөт. Описторхозду жугузуп албоо үчүн балыкты абдан бышырып, майга кууруп (20—30 мин.) жеш керек. Туздалган балык 10 —15 күндөн кийин гана жегенге болот. Алдын алууда агын суу, көлдөрдү булгануудан сактоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8