Опока (геологияда) – майда тешикчелүү бекем жана жеңил чөкмө тоо тек. Көбүнчө чопо, кум, глауконит ж. б. кошундулардан жана майда бүртүкчөлөрү суу-аморфтуу кремнезёмдон (97%ке чейин) турат. Ошондой эле начар сакталган диатомей менен губкалардын спикулалары кездешет. Өңү боз, каралжын-боз. Таза опока жогорку адсорбциялык касиети менен мүнөздөлөт. Опока негизинен палеоген жана жогорку бор чөкмөлөрүндө жолугат. Адсорбент катары газ, химия ж. б. өндүрүштө колдонулат. Таза сортунан карапа жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү