Оптикалык системанын аберациясы

Оптикалык системанын аберациясы (лат. aberratio — кыйшаюу) — оптикалык системадагы (линза, фотоаппарат, микроскоп ж. б.) сүрөттөлүштүн даана болбошу.

Мындай учурда оптикалык сүрөттөлүш так эмес же күңүрт болушу мүмкүн. Оптикалык системанын аберациясы геом. жана хроматлкалык болуп айырмаланат. Геометрия­лык Оптикалык системанын аберациясы системага жоон жарык тобу (сфералык аберрация, кома) же жарык тобу системанын негизги оп­тикалык огуна кыйгач түшкөндө (астигматизм, дисторсия) пайда болот. Геом. аберрация монохром жарыгы түшкөндө оптикалык системанын кемчилигин мүнөздөйт. Xроматикалык Оптикалык системанын аберациясы монохром эмес (мис., ак) жа­рыкты пайдалануудан пайда болот. Ал оптпкалык системанын линзасы менен призмасында жарык дисперсия­сы болушунан шартталат, сүрөттөлүштүн четинде түрдүү түстөр түрүндө көрүнөт. Бул аберрацияларды ар кандай линзалардын комбннациясы аркылуу жоюуга болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.