Оптиметр (гр. optos — көрүнүүчү жанa ...метр)—сызыктуу өлчөөлөрдү салыштырма ме­тод менен өтө так ченегич прибор.

  • Оптиметрде өзгөрткүч элементтин функциясын рычагдуу оптикалык механизм аткарат. Механизмдин рычагдуу бергичи— термелүүчү күзгү, оптикалык Конструкциясы боюнча вертикаль жана горизонталь Оптиметр болуп айырмаланат. Оптиметрди түтүк окулярдуу же проекция экрандуу кылып даярдайт. Оптиметрдин шкаласынын тактыгы 0,2 ж-а 1 мкм, өлчөө чеги 500 мм.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.