Оранжерея
Оранжерея (фр. orangerie; orange – апельсин) – дайыма жашыл өсүмдүктөр, гүл ж. б. өстүрүлүүчү же кыштатылуучу айнектелген жай. Оранжереянын туш тарабы айнектелип, үстү чатырланат. Күн нуру, электр жана суу менен жылытылат. Оранжерея жылуулугу боюнча муздак (1–8°), мелүүн (8–15°) жана жылуу (15–26°) болуп айырмаланат. Дайыма желдетилип, жылуу кармалат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7