Орбиталык станция

Орбиталык станция – Жердин, Айдын же планеталардын орбитасында узакка айланып иштей турган экипаждуу же автоматтык оор космостук учуучу аппарат. Орбиталык станциясына экипажды жеткирүүнү жана анын мезгилдүү алмашып турушун транспорттук космос кемеси ишке ашырат. Узак убакыт учуучу биринчи орбиталык станция – СССРде («Салют») 1971-ж., АКШда («Скайлэб») 1973-ж. Жердин орбитасына чыгарылган. Орбиталык станцияга космонавттын түздөн-түз катышуусу менен же автоматтык режимде иштөөчү жабдуулар жайгаштырылат. Бул болсо көптөгөн илимий жана колдонмо маселелерди – космос мейкиндигин, Жерди ж. б. планеталарды изилдөө, астрономия-физикалык изилдөөлөр, физикалык-техникалык, медицина-биологиялык эксперименттер, метеорологиялык байкоолор, түрдүү технологиялык процесстерди ишке ашыруу ж. б-ды чечүү үчүн натыйжалуу каражат катары пайдаланууга мүмкүндүк берет. 1977-ж. 10-декабрда учурулган «Союз-26» космос кемеси менен космонавттар Ю. В. Романенко жана Г. М. Гречко орбитада 96 сутка болушту. Ашташып биригишкен «Салют-6» – «Союз-29» – «Союз-30» орбиталык илимий комплекси өз программасын аткаргандан кийин 1978-ж. 5-июлда учкуч-космонавт П. И. Климук жана космонавтизилдөөчү М. Гермашевский «Союз-30» космос кемеси менен Жерге кайтып келишти. «Салют-6» – «Союз-29» илимий изилдөө комплекси учурулган «Прогресс-2», «Прогресс-3», «Прогресс-4» жүк транспорт кемеси менен ашташып биригишти. Космонавттар В. В. Ковалёнок жана А. С. Иванченков «Салют-6» – «Союз-29» – «Прогресс-2» орбиталык илимий станцияда берилген программа боюнча узак убакыт бою (140 сутка – космонавтикадагы биринчи узак учуу) илимий иштерди жүргүзүштү. Орбиталык станция орбитада планета аралык оор космос кемесин кураштыруу үчүн, ошондой эле Жердин жасалма спутниктерин мезгил-мезгили менен тейлөө үчүн база болот.

Колдонулган адабияттарОңдоо