Органикалык жер семирткич

Органикалык жер семирткич – өсүмдүккө азык зат катары керектүү органикалык бирикме. Аны дайыма колдонуу менен топурактын физикалык-химиялык жана химиялык касиеттери, суу жана аба режими, андагы пайдалуу (аммоний жана азот топтоочу) микроорганизмдердин жашоо тиричилиги жакшырат. Негизги органикалык жер семирткичтер: кык, кык чыласы, куш кыгы, фекалий, түрдүү компосттор, көк жер семирткич, саман, шаар таштандылары (ыплас суулар, алардын чөгүндүлөрү, тамак-аш калдыктары), көл, көлмөлөрдүн чөгүндүлөрү, тамакаш, булгаары өнөр жай калдыктары ж. б. органикалык жер семирткич өсүмдүккө керек микро жана макроэлементтерди камтыйт, мисалы, мал кыгынын 1 тсында 20 кгдай азот, 10 фосфор (Р2О5), 24 кальций (СаО), 6 магний (MgO), 26 г бор, 230 г марганец ж. б. болот. Топуракка чачылган жер семирткичтин 35–40%и органикалык жер семирткичке туура келет. Органикалык жер семирткич топурактагы азык заттарды (фосфор, калий, магний, күкүрт ж. б.), чириндини көбөйтөт, топурактын физикалык касиетин жакшыртып, минералдык жер семирткичтерди пайдаланууга шарт түзөт, суу жана аба алмашуусу жакшырат.

Органикалык жер семирткич.

Органикалык жер семирткич Кытай, Корея, Японияда мындан 3 миң жыл мурда эле колдонула баштаган. Батыш Европада 13–14кылымда, ал эми Орто Азияда эзелтен эле көп жер семирткичтер колдонулуп келген. Органикалык жер семирткичди колдонууда картөшкөдөн 50–60 цдей, кант кызылчасынан 3 цдей кошумча түшүм алса болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү