Органикалык химиядагы электрон теориясы
Органикалык химиядагы электрон теориясы - атом түзүлүшүнө негизделип орг. молекулалардагы хим. байланыштардын жаратылышын, реакцияга жөндөмдүүлүгүн жана алардын физ. касиеттерин толугураак түшүндүрүүчү теория.
- 19-кылыдын аягы 20-кылымдын башында электрон ачылгандан кийин пайда болгон. Орг. молекуланын хим. баяланышындагы жаны электрон жөнүндөгү коз караштар В. Коссель менен Г. Льюистин теориясын а негизделген. Бул теорияга ылайык хим. мүнөздөрү боюнча бири биринен айырмаланбаган же өтө аз айырмаланган атомдордон молекула түзүлгөндө электрондор бир атомдон экинчи атомго берилбестен. алардын ортосунда жалпыланат.
- Натыйжада ар бир атомдун сырткы катмарында экиден же сегизден электрондору болот. Мындай байланыш коваленттик ж» атомдук байланыш деп аталат. Молекуладагы атомдордун ортосундагы кош электрон атомдорго бпрдей тиешелүү болот да, алардын ядросунун тегерегинде (талаасында) айланып жүрөт. Электрондор атомдук түзүлүш теория боюнча радиусу 0,529 Aга барабар болгон белгилүү деңгээлде айланат.
- Кванттык мех. көз караштар боюнча суутектин атомунда электрон белгилүү тегерек дэңгэзлде эмес, шар сыяктуу мейкиндикте айланып. ядронун тегерегинде электрон булутун түзөт.
- Ар кайсы деңгээлдеги электрон булуттардын формасы ар түрдүү болот. Көмүртектин атому башка атомдор менен байланышканда бир
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.