Органикалык химия институту
Органикалык химия институту Кыргыз ССР ИАнын Химия институтунун орг. химия лабораториясынын базасында 1960-ж. уюшулган.
Институтта 250дөй ил. кызматкер, анын ичинде Кыргыз ССР ИАнын 1 академиги, плимд. 5 доктору жана 53 кандидаты эмгектенет (1979). Ин-ттун составына 3 бөлүм, 18 лаборатория кирип, орг. химиянын орчундуу маселелери б-ча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Ал изилдөөлөр мед., тамак-аш, тоют максатындагы, жаныбарлар менен адамдын түрлүү ооруларын дарылоо үчүн керектүү, тех. маанилүү жанa физиол. активдүү заттарды алуу үчүн теориялык негиздерди, о. эле респ-канын сырьё ресурстарьш комплекстүү жанa рационалдуу пайдалануунун так схемасын жанa жолдорун иштеп чыгууга арналган. Жады ойлоп чыгууларга 120 автордук күбөлүк, анын ичинде 8 чет мамл. патент алынган (1976).
1962-ж. ин-т сунуш кылган схема б-ча Кара-Балта кант комбинатында глутамин кислотасын жанa адидол чыгаруучу цех курулуп, ишке киргизилген. О. эле орг.-минералдык жер семирткичтер, бургулоо иши үчүн состав, мал чароасы үчүн гельминттик жады дары-дармек иштелип чыкты. Эл чароасына киргизилген сунуштардын ичинде «Арашан» бальзамы сапат белгисин алды, «Ликорин» дарысы, малдын некробактериоз жанa туяк ыладдарын дарылоочу дары ж. б. бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.