Орган пункту - тынбай үн салып турган төмөнкү (бас) добуштун алкагында башка дагы жогорку үндөрдүн обон салышы.

Орган пунктунун тоникалык түрү обондун жыйынтыктоочу бөлүмдөрүндө колдонулса, ал эми доминанталык Орган пункту башка бөлүмдөрдө пайдаланылат. Орган пунктунун көбүнчө ойнолгон обон менен гармоникалык-функционалдык байланышы жок болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.