Арген (гр. organon — курал, аспап, шайман) — клавиштүү үйлөмө музыкалык аспап.

Орган (1985).

Ал металлдан, жыгачтан түрдүү узундукта жасалган түтүктөрдөн жана пневматикалык системадан, о. эле регистрлерди өзгөртүүчү жанa клавиатураларды бир бирине улаштыруучу механизмдерден турат.

Аргенде 1–7 мануал (ар биринде 72 клавиштен), бут менен басчу педаль жана бир нече миң түтүк (добуш чыгаруу куралы) болот. Арген-тектеш аспаптар – волынка, байыркы кытай шэни, европалык Пан флейтасы. 14-кылымдан 18-кылымдын ортосуна чейин арген батыш Европага алгач чиркөөлөрдө хорду коштоо максатында пайдаланылып, кийин жарандык аспап катары кеңири тараган. Соңку убакта камералык, симфониялык музыканын өнүгүшүнө байланыштуу анча көп колдонулбайт. Арген көбүнчө жеке аткарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7