Оргу, уруу
(«Оргу» барагынан багытталды)
Оргу - ичкиликтер (булгачылар) уруулук тобундагы ири уруунун аталышы. Оргу уруусун кыргыздардын курамындагы эң байыркы этнокомпоненттердин бири катары кароого болот. Этностук аталыш Махмуд Кашгаринин «Сөздүгүндө» өз алдынча тили (диалекти) бар элдин энчилүү аты катары чагылдырылат. Этностук компонент кыргыздардын курамына 9-12-кк. кеч эмес кирген. Бул уруунун өкүлдөрү Лейлек, Баткен жана башка аймактарды мекендеп келишет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4