Ордо-Балык, Орду – Балык – 744–840-жылы Уйгур кагандыгынын борбору. «Балык», «балыклык», «балыктуу» - байыркы түрк тилдеринде «шаар» маанисин туюнтат. Ордо- Балык азыркы Моңголиядагы Орхон (Улан-Орхон) дарыясынын оң жак жээгинде жайгашкан Хара Балгасун шаар-чалдыбарынын ордунда орун алган. Ордо- Балык 840-жылы кыргыздар тарабынан каратып алынып, өрттөлүп жиберилген. С. В. Киселев атайын [тарых]ый, этнографиялык иликтөөлөрдү уюштурган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.