Оренбург областы - 1934-ж. 7-декабрда уюшулган (193857-ж. Чкалов областы). Аянты 124 миң км2. Борбору — Оренбург ш. Область 2 Ленин ордени менен сыйланган (1956, 1968).

Оренбург областы.

Оренбург областы Уралдын түштүгүндө кеңдик боюнча созулат. Батышын Оренбург талаасы жанa Жалпы сырт (бийикт. 350—400 м), чыгышын тоо жалчалары (бийикт. 500—600 м), Чыгыш Урал түздүгү жанa Торгой платосунун батыш бөлүгү ээлейт.

Кен байлыктары: кара жанa түстүү металлдар, табигый газ, нефть, туз, сланец ж. б. Климаты кескин континенттик.

Январдын орт. темп-расы —14... —18°С, июлдуку 19—22°С. Жылдык жаан-чачын 300—450 мм.

Ири дарыясы — Урал. Талаа жанa токойлуу талаа ландшафты басымдуу.

Айбанаттары: түлкү, коён, суур, доңуз; канаттуулардан — өрдөк, каз, тоодак ж. б.

Ири шаарлары: Оренбург, Орск, Новотроицк.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.