Ориентация (лат. oriens — чыгыш) — түз сызыкта же ар кандай геом. фигураларда багыт жөнүндөгү жалпыланган түшүнүк.

Түз сызыкта (сан огунда) чекит карама-каршы эки ба­гыт боюнча кыймылда боло алат. Ал белгиленген чекяттен оң же сол жак­ты көздөй жылчшы мүмкүн. Демек, сан огу — Ориентацияланган түз сызык. Анда оң багыт эсептөөнүн башталмасынан оң жакты көздөй багытталат. Тегиздиктеги туюк ийри сызыкта Ориентация катары кыймылдуу чекиттин айланма багыты алынат. Анын саат жебесинин багытына карама-каршы же жебенин багыты боюнча айланып чыгуусуна ка­рата оң же терс Ориентация кабыл алынган.

Эгерде чекит туюк ийри сызыкты айланып чыкканда тегиздиктин чектүү бөлүгү сол жагында болсо, аны сол Ориентацияланган, ал эми область оң жа­гында болсо, оң Ориентацияланган делинет. Мейкпндиктеги чектүү бет же чектүү нерсе үчүн да ушундай түшүнүк берилет. Ориентация түшүнүгү жалпак фигуралардын аянтын зсептөөдө, матем. физиканын четки маселелерин чыгарууда колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.