Орке (лат. кыр. Orke)Ош облусундагы кыштак. Ош шаар кеңешине карайт. Облустун борбору Ош шаарынан 8 км батыш тарапта. Калкы 5000 (2010); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, жашылча өстүрөт. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары ж. б. иштейт. Кыштакта Советтик Союздун Баатыры Ч. Түлөбердиевге эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү