Ормон уулу Чаргын (болжолу 1815 – өлгөн жылы белгисиз) – Ормон хандын экинчи уулу.
Өз аты Осмонаалы, кийин Чаргын аталып кеткен. Чаргын жаш кезинде атасы атайын уюштурган мергенчилер тобуна кирип, хандын жеке коргоочуларынын бири катары кызмат кылган. Диний билим алган.
1847-жылы казак султаны Кенесарыга каршы согушка катышып, Ормон хандын «чампан» мылтык менен куралданган мергендерин жетектеген. Бугу менен сарыбагыштын чабышында жана орустарга каршы күрөштө Чаргын агасы Үмөтаалынын таасиринде турган.
1860-жылы Атбашы, Аксай тарапка көчкөн мезгилде, атбашылык чериктердин манабы Турдумамбет Тоймат уулунун кызына үйлөнүп, алар менен сый мамиле түзгөн.
1863-жылы июлда капитан Проценко жетектеген орус аскерин саяк манабы Осмон менен бирге сарыбагыш манабы катары Тогузторого чейин коштоп барган.
1864–67-жылы Үмөтаалынын жетекчилигинде Чаргын Осмон Тайлак уулу экөө миң түтүндөн эл башкарып турушкан. Үмөтаалы орус бийлигин тааныганда, Чаргын да агасынын жолун жолдогон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү