Орозалиев Самаган 1968-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

1985-жылы А.С.Макаренко атындагы орто мектебин, 1987-жылы Нарын шаарындагы Айыл чарба техникумун кызыл диплом менен бүтүргөн. Аскердик кызматын Советтик Армиянын Чалгын Десанттар бөлүгүндө өтөп “Биринчи даражадагы чалгынчы”, “Отличник парашютист” медальдары менен сыйланган. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук «Баласагын» атындагы университетинин «журналистика» факультетин, Казак Мамлекеттик Улуттук «Аль Фараби» .. атындагы университетинин «юридикалык» факультетин артыкчылык дипломдору менен бүтүргөн.

1994-1996ж. Айыл-чарба министиринин пресс борборунун жетекчиси,

1995-2001ж: КТРКнын «Замана» студиясынын диктору, I КР.ЖКнин парламенттик кабарчысы. «Аалам», «Акыйкат», «Бешене», «Биримдик» гезиттеринде башкы редактор болуп журналистика тармагында эмгектенип келе жатат.

“Жетим карышкыр”, “Журналист”, “Бөрү заман” “Эсендин өчү”, “Авторитеттин акыркы сапары” аттуу детективтүү романдардын, “Мезгилдин эскирген барактары”, “Умай Эне” “Мен сени кечире албайм” “Сапарлаштар”, “Дарыгер” аттуу повест, аңгемелердин автору. Ошондой эле “Желе”, “Кыргыз үчүн жаздым ушул ырымды” “Жан-Дүйнөм” ырлар жыйнактарынын ээси.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3