Орой-Суу мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу төр тибиндеги мөңгү. Ак-Шыйрак тоо тоомунун түндүк капталында, Сары-Чат суусунун (СарыЖаздын бир тармагы) алабында жайгашкан. Узундугу 5 км, жалпы аянты 8,6 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5040 м, этеги 3860 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4450 м, абляциясынын аянты 3,4 км2. Фирн облусу эң ыңгайлуу түндүк экспозициясына карай жайгашкандыктан, этеги чегинбей бир абалда сакталган. Мөңгүдөн Сары-Чаттын оң куймасы Орой-Суу башталат. Ак-Шыйрактын мөңгүлөрүнөн азыктанган суунун Сары-Чат деп аталышы кар сызыгына чейин сары түстөгү доңуз сырты өскөнүнө, ал эми Орой-Суу делиши суу катуу кирген мезгилинде адамдын үрөйүн учуруп тургандыгына байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги айрым шилтемелер түзөтүү

  • [1](жеткиликсиз шилтеме)