ОРОКЧИЕВ ТЕНТИ

Акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчу уулу Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылдын 8-сентябрында туулган.
1963-жылы Караколдогу педагогикалык институтту аяктап, 1963–1965-жж. Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965–1969-жж. «Мугалимдер газетасында» 1969–1973-жж. Кыргыз Совет Энциклопедия-сында (КСЭ) илимий редактор, 1974–2002-жж. Кыргыз Республикасынын телерадиокомитетинде иштеген.
Т.Орокчу уулунун 1978-жылы «Мекенимди даңктаймын» деп аталган алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Казак жазуучусу А.Шымбатыровдун «Ак-Сай жайлоосунда» деп аталган повесть жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен которгон.
1991-жылы радиожурналист Тенти Орокчу уулунун кыргыздын акын, жазуучулары менен өткөзгөн радиомаектери өзүнчө том болуп жарыкка чыккан.
Т.Орокчу уулунун кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радиоочерктер, радиокомпозициялар, радиоэсселер жана бир, бир жарым саатка созулган радиомаектери 3500гө жакын уктуруулар даярдалган. Алардын 300 саатка жакыны Улуттук телерадиокорпорация менен Мамлекеттик архивдин алтын фондунда сакталып турат.
1997–2002-жж. жумасына бир ирет жарым сааттан «Таберик» аттуу радиокөркөм жана публицистикалык радиотүрмөгүн эфирге чыгарып келген.
Учурда «Кыргыз руху» гезитинде баяндамачы жана "Манас" радиосунда "Таберик" уктуруусунун автору жана алып баруучусу болуп иштеп келет.
Радиожурналистик көп жылдык жана чыгармачылык эмгеги эске алынып, 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1998-жылы «УТРКнын отличниги» деген ардак наамдар ыйгарылган.
1994-жылы Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен болгон 25 сааттан ашык маеги үчүн «Эл аралык Түгөлбай-ата коомунун сыйлыгын алган.
1994-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 1973-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Мекенимди даңктаймын: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 52 б.

Закым: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. –68 б.

Менин таңым: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1994. –72 б.

Ысык-Көл, ырым да сен, ыйым да сен: Ырлар. – Бийиктик, 2003. –176 б.

Ысык-Көл, ырым да сен, ыйым да сен: Ырлар. – Бийиктик, 2003. –176 б.

Алакан: Ырлар. – Б.: Айат, 2006. –192 б.

Дүйнө-өмүр: Ырлар. – Б.: Айат, 2007. – 200 б.

Асылдар баяны. – Б.: Бийиктик, 2003. – 142 б., 1-китеп

Асылдар баяны. – Б.: Университет, 2004. – 152 б., 2-китеп

Асылдар баяны. – Б.: Бийиктик, 2005. – 152 б., 3-китеп

Тоолордо торолгон бакыт. – Б.: Бийиктик, 2004. – 88 б., даректүү көркөм баян.

КОТОРМОЛОРУ

Конституция күнү: Репертуардык жыйнак. – Ф.: Мектеп, 1982. – 155 б.

А.Шымбатыров: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп.– 111 б.