ОРОМПОЙ – сыңар аяк секирип ойнолчу балдар оюну. Үч түрү бар:
1. балдар 2 тарапка (топко) бөлүнүп, тегерек тартып турушат. Чучукулак боюнча оюн баштоочу 1-топ сыңар аяктап (бир буту менен) секирип тегерете сызылган чийиндин үстүнө турушат да, сызыктын сыртындагы атаандаштарын тегеректин ичине киргизбей бүгүлгөн буту менен тебүүгө аракеттенишет. 2-топтун балдары тигилердин бирөө жыгылып же оболой түшкөндө, тептирбей тегеректин ичине кирип кетсе уткан болот. 2-топтун балдары сыңар аяктап тегерете сызылган чийиндин үстүнө турушуп, 1-топтун балдарын тегерекке киргизбөөгө аракет кылышып, оюнду улантышат. Бул оюн тегерек оропой деп аталат;
2. бир бутун көтөрүп, 2-буту менен корозчо сороктогон 2 бала ийиндери же омуроолору менен бирин бири ургулашат. Кимиси жыгылса же эки буттап басып калса, ошонусу жеңилген болот. Бул оюн короз оромпой деп аталат;
3. бир нече бала бир бутун көтөрүп, секирип чуркап жарышат. Ким мурда чекке жетсе, ал жеңет. Бул оромпой жарыш деп аталат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.