Оромпай тебүү – кыргыз элинин байыркы замандан бери келе жаткан элдик спорт оюну. Көбүнчө өспүрүм балдар, жигиттер да ойнойт. Оромпай – фарс – тажик тилинде: хам – бүгүү, пай – бут.

Оюндун тартиби мындай:
Оюнду баштоо үчүн кеминде төрт – беш улан болушу шарт. Күчүнө, жашына карата уландар эки топко бөлүнөт. Элкин калган уланды чүчү кулакка салышат. Эки топтун башчылары мындай бөлүнүп чыгат да, бири сөөмөйү менен ортонун оозуна салып, шилемейлеп, “ бу сеники, бу меники “ деп белгилеп алат да, элкин балага бирин "кармагын" дейт. Бала кайсынысын кармаса, ошо жакка кошулат. Чоң тегерек сызык чиет. Эки тараптан бирден улан чийинге кирет. Бири – чийиндин ичинде качат. Бири – оң бутун көтөрүп, сол буту менен сороктоп жүрүп, качкан уланды жетип тебиши керек. Эгер жетип тепсе, жеңиш ошонуку. Тебе албай чарчаса, өзү качып бериши керек. Ушул тартип менен экиден кирип ойной берет. Ким качып, ким тебиш керек экендигин белгилөө үчүн, оюн башчылары бөлүнүп чыгып, бири таякты тик кармап, экинчисине ыргытып берет. Кайсы жерден тутамдаса, ошол жерден улам бири тутамдап отуруп башына ким чыкса, ошол тарап кубалайт.<br.> Оромпай оюну жаштарды шамдагайлыкка, чыдамкайлыкка үйрөткөн, денени чыңылтыр кылуунун бир ыкмасы болгон.