Ороңгу«Манас» эпосунун кейипкери. Каңгай канышасы, баатыр аял. «Манас» эпосунун көпчүлүк варианттарында бар. Эпосто Орто Бээжиндин чегин кайтарган алп аял Канышай сыяктуу каармандык эрдиктерди жасаганы сүрөттөлбөгөнү менен, согуш жортуулдарына эпикалык душмандын кол башчы баатырлары менен катар аты аталат.

Өзүнө тийиштүү Кула бээ тулпары бар «Оюктун боюн жердеген Ойроттон киши жеңбеген» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 583-инв., 36-б.) белгилүү баатыр делет. Цаймандык моңголдордо «Ороңгу» деген өзүнчө уруу. Алар түнкүсүн каракчылык кылып цаймандыктардын малын, данын жана башкалар мүлкүн тартып алып турушкан. Ошондуктан алар жаман көргөн нерсесин «орангын» дешкен, ал түгүл балдарды «орангын» келе жатат деп коркутушат. Моңголчо: ора — жапайы, «күн — киши, адам». Демек, «жапайы адам», «наадан» каракчы деген өтмө мааниде айтылып жатат. Ушул сөз эпоско кейипкер катары кирип калган болуу керек..

Кандайдыр бир этникалык топтун аталышын эпосто кейипкерлердин ысымы катары колдонуу дүйнөлүк фольклордо кеңири кезигет. Алтайлыктарда Ойроткан — ойротторду жалпылаштырган ысым. «Манас» эпосундагы О. этноними да эпикалык өнүгүүгө ылайык калыптануусу ыктымал. Эпосто:

Ороңгу деген катындыр

Орою суук капырдыр.

Он эки таман бети бар,

Карт кокодой эти бар, (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 583-инв., 36-б.) же: «Ороңгу келет ороңдоп Арасынан чапчынын отуз-кырк чычкан сороңдоп” — деп, элеси, ырайы суук, коркунучтуу типти элестетет. О-нун образында юмор менен сүрөттөлгөн сатиралуулук бар. О-нун Көкөтөйдүн ашында «төө чечмейге» чыгышы менен анын образындагы сатиралуулук дагы тереңдетилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4