Ортит (гр. orthos – түз), алланит (англ. минералог Т. Алландын ысмынан) – эпидот тобундагы минерал. Курамында сейрек кездешүүчү элементтерди (Сs, La, Dу, Er, V) камтыйт. Ошондой эле кошунду түрүндө торий, уран, кээде вольфрам кычкылы (8%ке чейин) кездешет. Химиялык формуласы (Са,Сl2)(Al,Аe)3[SiO4][Si2O7]O(OH). Моноклин системасында кристаллданат. Өңү кара, кара күрөң. Катуулугу 6. С. салмагы 3,2–4,0. Ортит радиоактивдүү. Кристаллдуу силикат тоо тектердин (граниттин, сиениттин, гнейс, кристаллдуу сланец) курамында кездешет. Ортит – сейрек жер элементтеринин (церий, иттрий ж. б.) баалуу минералы. Норвегия, Швеция, Финляндия, Украина, АКШ ж. б. жерлерден табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү