Ортоңку Нарын өрөөнү — - Ички Теңир-Тоодо. Эки-Нарындан тартып, Ак-Шыйрак (ЧаарТаш) кырка тоосуна чейин созулуп жатат. Узундугу 170 км, эң жазы жери 54 км. Түндүктөн Нура, Корго, Ача-Таш, Баук, Молдо-Тоо, Көк-ИримТоо, түштүктөн Нарын-Тоо, Ала-Мышык, Карача-Тоо, Кара-Тоо, Байбиче-Тоо, Жаман-Тоо курчап турат. Ойдуңдун таманы Алабуга суусу Нарынга куйган жер деңиз деңгээлинен 1500 м, Кичи Нарын менен Чоң Нарындын чаттарында 2250–2300 м бийиктикте жайгашкан. Эки-Нарындан Ак-Кыяга чейин өрөөн кууш (2–5 км), таманы бийик (2000 мден жогору) келип, батышка барган сайын кеңий баштайт (Куланак кыштагы тушта 10 км, Кызыл-Эмчек тушта 13 км). Ойдуңдун жазы жерлеринде, айрыкча Ат-Башы суусу кошулгандан кийин Нарын дарыясы жайылып (жайылманын туурасы 1–1,5 кмге жетет) агып, бир нече айрыктарга бөлүнүп, сайташтардан турган аралчаларды пайда кылат. Чоң сууну бойлоп бир нече бийик тектирлер да созулуп жатат. Кеңирээк жана даана байкалган 4 жана 5тектирлердин үстү тегиз келип, калыңдыгы бир нече м келген сары чопо түрүндөгү кумайлуу чопо менен капталган. Ортонку Нарын ойдуңунун борбордук бөлүгүндө 4–5-тектирлердин бетинде суффозиялык, карст чуңкурлары (диаметри 10–15 м, тереңдиги 5– 8 м), туюк жарлар бар. Ак-Кыядан төмөн Нарындын сол өйүзүндөгү бийик тектирлер тоо этегиндеги түздүк менен кошулат (Кара-Талаа менен Ак-Талаа). Нарындын оң өйүзүндө бардык аралыкта, сол өйүзүндө Куланак кыштагынан батышты карай чаптуу адыр рельефи ээлейт. Чап палеоген, неоген мезгилдеринин тектеринен (чопо, кумдук, конгломерат) түзүлүп, беттери тик, жылаңач, өтө тилмеленген учтуу кырлар жана аларды бөлүп турган терең, кууш колоттор. Чаптар өрөөндүн таманына караганда 450–600 м бийик жатат. Мында да чополуу карст кубулуштары байкалат. Чаптуу тилкеден жогору бөксө тоолор же бийик тоо капталдары орун алган. Жалпы структурасы боюнча Ортонку Нарын ойдуңу – тоо арасында жаткан эң ири синклиналь ойдуңу; батышты карай төмөндөйт. Климаты континенттик, кургак. Кышы суук. Январдын орточо температурасы Нарын шаарында –17°С, Долондо –13,7°С. Жайы жылуу (июлдуку 9,2–17,1°С). Жылдык жаан-чачыны батыштан чыгышка бийиктеген сайын көбөйөт (200 ммден 350–400 ммге чейин), бийик тоо капталдарында 500 ммге жетет. Жаан-чачындын көбү жаз, жай айларында түшөт. Ойдуңдун аймагында Нарын дарыясына Ат-Башы, Алабуга, Терек, Мыкаачы, Ак-Тал (сол), Он-Арча, Кажырты, Жерге-Тал, Куртка (оң) ж. б. суулар куят. Климатынын кургак болушуна байланыштуу ойдуңда жарым чөл жана талаа ландшафттары кеңири таралган. Ойдуңдун таманында, тектирлерде шыбак-эфемер-шор өсүмдүктүү чөл, жарым чөл басымдуу; топурагы ачык коңур же бозомтук күңүрт. Чаптуу жерлерде өсүмдүктөр өтө сейрек, бирин-серин шор өсүмдүктөрү (баялыш, кара барак, адырашман, терскен, чекенди, эбелек, чингил ж. б.) өсөт. Ортонку Нарын ойдуңунун батыш жагында жана Алабуга өрөөнүндө, таш-шагылдуу жерлерде төө тапан жана тикендүү куурай өсүмдүктөрү кезигет. Бөксө тоолордо жана тоо капталдарында, Эки-Нарын тарабындагы ойдуңдун таманында шыбак-бетегелүү, шыбак-кылкандуу кургак талаа, бетегелүү талаа ландшафттары кеңири аянтты ээлейт. Каксоо жерлерде, күнөстүү беттерде төө куйрук, алтыгана ж. б. бадал черлери бар. Тоо этектеринде, өзөндүн бойлорунда чий өсөт. 2500– 2600 мден жогору бетеге, тоо сулусу аралашкан шыбактуу жана ак кылкандуу талаа зонасы орун алган. Ал эми тескей беттеринде карагай токойлуу шалбаа же шалбаалуу талаа ландшафттары таралган. Эки-Нарын тушта карагай токою ойдуңдун таманына (2300 м) чейин түшсө, АлаМышык, Кара-Тоодо өйдөлөйт. Түндүк-чыгышка, түндүк-батышка, кээде күнгөй жагына караган капталдарда жапалак арча токою кезигет. 3100– 3200 мден жогору бетеге, доңуз сырты, өлөңдүү шимүүр, каз таман ж. б. түркүн чөптүү субальп, альп шалбаалары бар. Ойдуңдун күнгөй беттерине шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Ортонку Нарын ойдуңунун таманындагы түз жерлер дыйканчылыкка пайдаланылат. Анда негизинен тоют өсүмдүктөрү (беде, эспарцет), жүгөрү, дан эгиндери (арпа, буудай, сулу) жана жашылча-жемиш айдалат. Тоо капталдары жана айдалбаган жерлери жайытка пайдаланылат. Ойдуңда мал чарбасы өнүккөн. Ат-Башы, Он-Арча ГЭСтери жана Он-Арча каналы курулган. Ойдуң аркылуу Бишкек – Торугарт, Бишкек – Нарын – Казарман автомобиль жолдору өтөт. Ортонку Нарын ойдуңунда Нарын шаары, Ак-Талаа жана Нарын райондорунун кыштактары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.