ОРТОКАЙЫРМА КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 3–1-кылымда жана б. з. 1–3-кылымда сак, усун уруулары калтырган дөбө-мүрзөлөр. Калинин районунун Эркинсай кыштагынан 1 км түштүк тарапта. Бийиктиги 2–3 метр, айланасы 20–40 метр эки дөбө мүрзөдөн турат. Мүрзөлөрдөн карапа идиштер, тиричиликке керектүү башка буюмдар табылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.