Орто бойлуу гиалолена (лат. Hyalolaena intermedia, M. Pimenov et Kljuykov) - Монокарптуу көп жылдык өсүмдүк. Тамыры анча жоон эмес, бутактуу, жип сымал. Сабагы жалгыздан, бир нече ирет бутактанган. Тамыр моюнчасынан өскөн жалбырактары ланцеттей, узундугу 4-6 см, ланцеттей акыркы бөлүктөрү менен; сабактын ортосунан өскөндөрү ичкерээк, узун, акыркы бөлүкчөлүү, жогоркулары - учтугуй, ланцеттей жалбырак кучактуу. Чатыры 6-11 нурдуу, ороочтуу, 5-8 ланцеттей, жээги ак, күдүрөкөй жалбыракчадан турат; чатырчасы 11-18-гүлдүү, 7-10 жалбыракчадан турган ороочтуу. Мөмөсү кара-күрөң, жумуру, жумуру-узунча.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май-июнда гүлдөп, июнң-июлда мөмөлөйт. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Чаткал, Фергана тоо кыркалары; Нарын дарыясынын бассейни, Бекечал суусунун өрөөнү.

Өсүү шарттары түзөтүү

Гипстелген акиташтуу топурактар.

Саны түзөтүү

Популяциялары бирин-серин кездешет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Аныкталган эмес.

Өстүрүү түзөтүү

Маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Бешарал коругунун чегинде учурайт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түр өскөн жерлерин корукка алуу.

Статусу түзөтүү

VU. Эндем. Кыргызстанда өскөн үч түрдүн бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү