Орунбеков Бакытбек

Орунбеков, Бакытбек‎»‎ барагынан багытталды)
Бакытбек Орунбеков
Туулган датасы:

28 -апрель 1964(1964-04-28) (60 жаш)

Туулган жери:

Арал айылы, Тогуз-Торо району, Нарын облусу (азыркы учурда Жалал-Абад облусу), Кыргыз ССР, СССР

Жарандыгы:

ССРС СССР Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

Журналист

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз, орус,

Кыскача өмүр жолу

түзөтүү

Бакытбек Орунбеков -1964-жылы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. 1984-87-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде журналистика бөлүмүндө окуган. 1990-жылы Орусиядагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

1990-1995-жылдары “Асаба” “Майдан" гезиттеринде кабарчы, жооптуу катчы жана башкы редактордун орун басары болуп иштеген.

1995-97-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде маалымат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1996-жылы Пакистанда Исламабад дипломатиялык академиясынын атайын курсун бүтүргөн.

1997-1999-жылдары Жалал-Абат облустук акимиятында социалдык өнүгүү департаментинин директору кызматын аркалаган. 1999-2005-жылдары “Акыйкат”, “Фергана” гезиттеринин баш редакторлору болуп иштеген.

2005-2006-жылдары “Кыргыз Туусу” гезитинин баш редактору, 2006-жылдан “Азаттык” үналгысында жергиликтүү интернет редактору, кийин  кабарчысы катары эмгектенүүдө.

2006-жылдан бери  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде журналистика бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу катары эмгектенип келатат. 2010-2013-жылдары “Кыргыз Туусу” гезитинде экинчи жолу баш редактору кызматын аркалаган.

Бакыт Орунбеков 2019-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери” наамга ээ болгон, саясий илимдеринин кандидаты. Публицисттикалык, илимий-педогогикалык 10 китептип автору. Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун эки жолку лауреаты. “Ош-3000” медалынын ээси.

Үй-бүлөлүү: жары – Чолпон, уулдары - Нурсултан, Алтай; кыздары - Бегимай, Нурай).

Эмгектери

түзөтүү
  1. “Тогуз-Торо”, (кичи мекендин кичи энциклопедиясы), Бишкек-1994.
  2. Кадырлуу классташтарым, ардактуу агай-эжейлерим”, Жалал-Абад-2001.
  3. “Журналистиканын эл аралык стандарты”, (окуу-усулдук колдонмо), Бишкек-2009.
  4. “Чайпалган Кыргызстан” (публицистика), Бишкек-2009.
  5. “Көп партиялууулук жана парламентаризм келечеги”, (монография) , 2011-жыл.
  6. “Бөлүнгөн Кыргыз”, (публицистика), Бишкек-2014.
  7. ” Журналистика негиздери”, (окуу китеби), Бишек -2015.
  8. “Бүткүл дүйнөлүк журналистиканын тарыхы”  окуу китеби  (котормо) 2019.
  9. “Саясий көз караштар тарыхы”, (окуу-усулдук колдонмо), Бишкек-2018.
  10. “Менин тагдырымдагы инсандар”, (публицистика), Бишкек-2020.

Жазган киносценарийлери

1. “Жусуп Абдрахманов” даректүү фильминин сценарийи, режиссер Э. Абдыжапаров, демөөрчүсү А. Салымбеков. 2019-жыл.

2. “Жусуп Абдрахманов” көркөм фильминин сценарийи, 2021-жыл.

Түзгөн китептри

түзөтүү

1.     “Кыргызстан: элдик революция 24-март, 2005”, Бишкек-2006.

2.     “Тогуз-Торо району”, (энциклопедия), Бишкек-2007.

3.     “Талантка таазим”, (акын, журналист, котормочу А. Токтогулов жөнүндө), Бишкек-2010.

4.     “Мударис”, (философия илимдеринин доктору, профессор К. Исаев жөнүндө), Бишкек-2016.

5.     “СССР мамлекети күбөлөрдүн көзү менен”, (оозеки тарых), Бишкек-2017.

6.     “Ак эмгекке байланган өмүр, (тарыхчы, доцент Б. Үрстөнбеков жана коомдук ишмер Б. Аалиева жөнүндө), Бишкек-2018.

7. "Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен (оозеки тарых), Бишкек-2022.

Илимий макалалары

түзөтүү

1.      “Саясий партиялардын типологиясы жана Кыргызстандагы көп партиялуулуктун айырмачылыгы”, Социальные и гуманитарные науки, №3-4, 2009.

2.      “Кыргызстандагы көп партиялык курамынын өнүгүү өзгөчөлуктөрү”, И. Арабаев атындагы университетинин жарчысы.№1, 2009.

3.      “2006-2008-жылдар: Кыргызстандагы көп партиялуулуктун негизги өзгөчөлүгү”, Кыргыз Улуттук университетинин жарчысы, № 4, 2010.

4.      “Кыргызстандын 2005-жыл, 24-мартынан кийинки саясий партиялык турмушундагы айрым тенденциялар”, Кыргыз Улуттук университетинин жарчысы, № 4, 2010.

5.      Орунбеков Б.О. 7 апреля 2010 года: курс парламентскому управлению на партийной основе, Высшая школа Казакстана, №2, 2011.

6.      “Журналист – байыркы кесип”, И. Арабаев атындагы университетинин жарчысы.2014-жыл

7.      “Кыргыз журналистикасы 20-кылым кыйырында”, И. Арабаев атындагы университетинин жарчысы.2014-жыл.

8.      “Кыргыз саясий элитасын элеген эмгек”, Улутттук саясаий элитанын бедели: эксперттик баалоо, 2015-жыл.

9.      “2015-жыл: Кыргыз саясий партияларынын бейнеси кандай?”, Улутттук саясаий элитанын бедели: эксперттик баалоо, 2015-жыл.

10.    “Кыргыз-башкыр кызматташытыгы жана келечеги”, “Кызылтан” гезити, Уфа, Орусия, 2015-жыл.

11.    “КДК-Кыргызстандагы демократиялык аракеттердин башатында турган уюм”. Улутттук саясий элитанын бедели: эксперттик баалоо, Бишкек-2015.

12.    “Карыбек Молдобаевдин салган издери”, Кутбилим, №441-42, 2015.


13.    Орунбеков Б.О. Кыргызстандагы жаңы президент тандоонун 10 сапаты, БГУ жарчысы, №3(41), 2017.


14.    Орунбеков Б.О. Кыргызстандагы көп партиялык курамынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы, №1, 2017.


15.    Орунбеков Б.О. Моконова А. Илимий журналистика жана анын маселелери, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы, №1, 2017.


16.    Орунбеков Б.О. Батмакан Аалиеванын советтик Кыргызстанды куруудагы саясий ишмердүүлүгү, Наука, новые технологиии и инновации Кыргызстана, №1, 2018.

17. Орунбеков Б.О. “Политичекие партии Кыргызстана в условиях тразитного общества”, международный журнал “Актуальная наука”, №1, 2018. Россия.

18.    Орунбеков Б.О.2019-жыл: Кыргызстандын парламенттик шайлоо алдындагы саясий аба ырайы, Наука, новые технологиии и инновации Кыргызстана, №2, 2019.

19. Эл аралык рецензияланган илимий журналдарда жарыяланган макалалар (SCI,

SSCI, Arts and Humanities):

Review Articles

A multi-national validity analysis of the Personal Report of Communication

Apprehension (PRCA-24)

Stephen M. Croucher,Stephanie Kelly,Diyako Rahmani,Kelsea Jackson,Flora GalyBadenas,Agnes Lando,Monica Chibita,Venantie Nyiranasbimana,Elira

Turdubaeva,Nadirabegim Eskiçorapçı,Shawn Michael Condon,Gulzada Stanalieva

&Bakyt Orunbekov Pages 193-209 | Received 09 Nov 2018, Accepted 30 Mar

2019, Published online: 15 Apr 2019

20.    Орунбеков Б.О. “Мелис Эшимкановдун саясий жана журналисттик ишмердиги”, журнал “Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана”, 2020.№3.

21.    Орунбеков Б.О. "Сотрудничество Кыргызстана и Башкортостана в области экономики, культуры и образования", Сборник материалов научно-практической конференции "Духовная культура башкир и кыргызов", г. Уфа. Россия,

22.    Орунбеков Б.О. “Кыргыз интернет басылмаларындагы журналистик этиканын сакталышы”, журнал “Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана”, 2020.№7.

23. Орунбеков Б.О. «Жусуп Абдрахманов менен Евгений Примаковдун туугандык байланышы: божомолдор жана фактылар», журнал: «Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана», №1, 2021.

24. Орунбеков Б.О. “2010-Ош окуясы”: себеби, кесепети жана сабагы, журнал “Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана”, 2021.№7.

25. Орунбеков Б.О, “2022-Кыргызстандагы саясий партиялар: бейнеси, бедели, биригүү-ажырашуусу жана келечеги, журнал “Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана”, №2. 2022.

26. A General Math Anxiety Measureby https://www.mdpi.com/2227-7102/12/6/370

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү

Сыйлык, наамдары

түзөтүү
  1. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы, 1993.
  2. Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун лауреаты, 1998.
  3. «Ош-3000» юбилейлик медалы, 2000.
  4. С. Жээнбеков атындагы сыйлыктын лауреаты, (Жалал-Абад), 2002.
  5. Биринчи даражадагы Диплом, Барпы фондусу, 2001.
  6. “Кыргызалтын” ачык акционердин коомунун Ардак грамотасы, 2001.
  7. Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясы жана облустук кеңештин Ардак грамотасы, 2004.
  8. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияны жөндөө мамлекеттик агентигинин Ардак грамотасы, 2010.
  9. Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын Ардак грамотасы, 2010.
  10. КР мамлекеттик интелектуалдык менчик кызматынын Ардак грамотасы, 2011.
  11. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак Грамотасы, 2011.
  12. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, (Президинтттин жарлыгы менен) 2011.
  13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, 2012.
  14. Кыргыз Республикасынын социалдык фонддун Ардак грамотасы, 2012.
  15. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ардак грамотасы, 2012.
  16. Кыргыз телерадио коорпорациясынын (КТРК) Ардак грамотасы, 2013.
  17. “Билим берүүнүн мыктысы”, 2014.
  18. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 2018.
  19. Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун лауреаты, 2019.
  20. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер”, (Президинтттин жарлыгы менен) 2019.
  21. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын медалы, 2020