Орус-жапон согушуЫраакы Чыгыш үчүн Орусия менен Жапония империяларынын ортосунда чыккан согуш. Анда империалисттик державалардын Корея менен Кытайды бөлүп алуу максатын көздөгөн.

Жапония 1894–95-жылдагы согушта Кытайды жеңип, Тайвань (Формоза) аралын, Пэнхулэдао (Пескадор жарым аралы) жана Ляодун жарым аралын каратып, Кореяга да өз таасирин күчөткөн. Бирок Франция менен Германия колдогон Орусиянын кысымы менен Ляодун жарым аралынан баш тартууга мажбур болгондуктан, орус-жапон мамилелери начарлаган. Манжурияны каратуу максатын көздөгөн падышалык Орусия 1896-жылы Жапонияга каршы Кытай менен союздук келишим түзүп, Манжурияны басып алган. 1898-ж. аскер-деңиз базасын куруу максатында Кытайдан Порт-Артур (Люйшунь) жана Квантун жарым аралын ижарага алган. Улуу Британия менен АКШнын колдоосуна таянган Жапония 1902-ж. Улуу Британия менен союздук келишим түзгөн. 1904-ж. 27-январга караган түнү жапон флоту Порт-Артурдагы орус эскадрасына капыстан кол салып, орустардын «Варяг» крейсери жана «Кореец» кемеси чөктүргөн. 28-январда Жапония Орусияга согуш жарыялап, Манжурияга чыгууга жана Порт-Артурду курчоого мүмкүндүк алган. Порт-Артурду курчоо 157 күнгө созулган. Натыйжада согуш орус аскеринин жеңилиши менен аяктаган. 1905-ж. 23-августта Портсмут тынчтык келишими түзүлүп, Корея Жапониянын көзөмөлүнө өткөн жана Порт-Артур менен Квантун обл-на болгон Орусиянын ижаралык укуктары, Кытай темир жолунун Түштүк бутагы, Сахалиндин Түштүк аймактары Жапонияга өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү