Орус православие чиркөөсү

Орус православие чиркөөсүправославие чиркөөлөрүнүн эң ириси жана таасирдүүсү. 10-кылымда негизделип, 11-кылымда Киев митрополити башында турган. 15-кылымдын ортосуна чейин Констонтинополь патриархынын көзөмөлүндө, 1447жылдан өз алдынча, 1589-жылдан патриархалдык чиркөө. 1590-жылдан Москва патриархы Константинополь собору тарабынан таанылып, православие чиркөөлөрүнүн саны боюнча 5-орунда турган. 1721-ж. Россия империясында Орус православие чиркөөсү мамлекеттик статуска ээ болуп, Синод башкарган. Азыркы учурда Москва патриархатындагы Синоддун курамында 5 туруктуу, 6 убактылуу епархиялык архиереясы бар. Епархиялык архиереяны (епископтор, архиепископтор, митрополиттер) епархиялык кеңеш башкарат. Москва православие чиркөөсүнө өз ички иштерин өздөрү башкарган Украина, Беларус, Молдовавия, Латвия, Эстония православие чиркөөлөрү кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү