Орфография (грек. orphos – туура, grapho – жазам) ― белгилүү бир тилдеги сөздөрдү жана алардын маани берүүчү бөлүктөрүн бир түрдүү жазуу үчүн белгиленген эрежелердин системасын үйрөтө турган тил илиминин бир бөлүгү. Бул термин грек тилинин «orphos» «туура» жана «gpapho» «жазам» деген сөздөрүнөн алынган.

  • 1) жазуу кебинде колдонулган, тилдеги сөздөрдү нормага ылайык бирдей жазуунун тарыхый калыптанган системасы.
  • 2) тил илиминин нормага ылайык бирдей жазууну камсыз кылуучу эрежелер системасын аныктоочу жана иштеп чыгуучу бир тармагы.

Орфография тыбыштык-тамгалык жазууда колдонулуучу жазма системасы катары графикалык жана алфавиттик системадан, бир канча майда-майда эреже-талаптардын жыйындысынан жана ошол эреже-талаптар үчүн негиз болуучу принциптердин биримдигинен турган бөлүмдөргө жиктелет.

Орфографиялык принциптер тигил же бул сөздүн кандай жазылышын, эмне үчүн ошондой жазылышын аныктап, орфограмма, варианттар болгон жерде аларды тандап жазуу негизин шарттайт. Ошондуктан ушул принциптердин негизинде Орфографиялык эрежелер иштелип чыгып, жалпылаштырылган талаптар белгиленет.

Орфографиянын эң негизги борбордук проблемасы болуп тыбыштык жазмада ошол тыбышты кандай графикалык белги - тамга менен белгилөө, кандай алфавит түзүү маселеси эсептелет. Тилдеги графикалык системага жараша Орфографиянын айрым маселелери аныкталса, тилдин Орфографиялык системасы толугу менен жазуунун принциптерине ылайык аныкталат. Бирок баардык тил үчүн бирдей принциптер колдонула бербейт, ар бир жазма тил өзүнүн типологиялык структурасына жараша ар кыл принципти колдонот жана негизги принциби да ар башка болушу мүмкүн.

Тил илиминде бүгүнкү күндө фонетикалык (фонематикалык), морфологиялык, салттуу, символикалык (айырмалоочу, дифференциялоочу) принциптер жетекчиликке алынуу менен, Орфографиялык эреже-талаптар иштелип чыгат. Бул Орфография норма деп аталат да, жазууда тыбыштардагы ар кандай өзгөрүүлөрдү, сөздөрдү, морфемаларды, алардын тизмектешүүсүн, тыныш белгилер системасын бир кылкалыкка келтирип, бир түрдүү жазууну камсыз кылуу максатында атайын иштелип, мамлекеттик маанидеги документ жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон эреже-талап катары бекитилет.

Кыргыз тилинде сөздөр, алардын структуралык бөлүктөрү, өзара алардын тизмектешүүлөрү, негизинен, кандай айтылса, ошондой жазылат. Демек, ушундан улам Кыргыз тилинде уңгу сөздөр, негизинен, фонетикалык принцип боюнча жазылат: ата, эне, апа, бала, чоң, кичине, ал, бул, ээр, эр, күйүү, тоо, суу, жер.

Тилдин фонетикалык жана грамматикалык ички мыйзам ченемдерине ылайык эки морфеманын айкашкан чегинде үндүү жана үнсүз тыбыштардын өзгөрүп айтылышы өтө мүнөздүү көрүнүш. Бул алардын лингвистикалык, акустикалык, артикуляциялык өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Ушундан улам сөз мүчөлөрү, бир жагынан, көп варианттуу, тыбыштык түрү өзгөрүп кетет, экинчи жагынан, өзү уланган уңгунун баштапкы формасын да өзгөртүп жиберген учурлар да кездешет. Маселен, жөндөмө мүчөлөрдүн айрымдары уңгудагы үндүү, үнсүз тыбыштарга карата 8, 12, 16 вариантка чейин өзгөрөт. Булардын баарын бир кылка кылып, баштапкы вариантын гана жазуу эч мүмкүн эмес. Ошондуктан алар кандай айтылса, ошондой фонемалык түрдө жазылышы Орфографиялык норма болуп эсептелет. Фонетикалык принцип боюнча айрым бир өздөштүрүлгөн сөздөр фонетикалык өзгөрүүгө учурап да жазылат: гезит, облус, деректир, самоор, көлөч, керебет, батинке, догдур, белет.

Тилдеги Орфографиялык принциптердин дагы бири – морфологиялык принцип. Бул принципке ылайык уңгу сөздөрдүн жанаша турган сөздөгү тыбыштарга карата же болбосо уңгуга мүчө уланганда, уңгунун фонетикалык жактан өзгөрүп айтылышы Орфографиялык норма болбостон, алардын уңгу түрүндө турган баштапкы фонетикалык түзүлүшү Орфографиялык норма болуп эсептелет. Демек, бул принцип уңгунун тыбыштык турпатынын өзгөрүп айтылышына негизделбестен, анын баардык учурда бирдей жазылышын камсыз кылат. Ошондуктан уңгунун өзгөрүп кеткен фонемалык турпатын морфологиялык принцип тескейт, б.а. морфологиялык принцип сөздүн баардык бөлүктөрүнө (морфемаларына) тарабайт. Ал мүчө уланганда уңгунун жазылышын тескейт:

сөссүз – сөзсүз, туссуз – тузсуз, чашса – чачса, тумма – тунма, түмбү - түнбү, тассал – таш сал, кашты – качты, ушсуз – учсуз, чаштуу – чачтуу.

Айтылышы менен жазылышы бири-биринен бир аз айырмаланып турган мындай сөздөрдүн пайда болушу эки морфеманын чегинде үнсүз тыбыштардын позициялык өзгөрүүсүнө байланыштуу. Бул тилдин өзүнүн ички законченемдүүлүгү. Ушуга ылайык, Кыргыз тилинде эки морфеманын чегинде уңгу өзүнүн баштапкы фонемалык турпатын сактап, морфологиялык принципке ылайык жазылат. Ошондуктан кыргыз тилинин Орфографиясында жеке турган уңгу сөз жана мүчөлөр фонетикалык (фонематикалык), ал эми эки морфеманын чегиндеги уңгу сөз морфологиялык принцип боюнча жазылат. Эки морфемадан турган бир эле сөздүн жазылышында фонетикалык да, морфологиялык да принцип колдонулат.

Булардан башка традициялык принцип боюнча Кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн сөздөр жазылат. Анткени алар, бир жагынан, салт боюнча өз тилинде кандай жазылса, өзгөрүлбөй ошол турпатында жазылат, экинчи жагынан, оозеки түрдө кабыл алынгандары ошол өзгөрүлүп 20-30-жылдары кабыл алынган тарыхый формасында жазылат: меш, болуш, самоор, көлөч, керебет, старчын, белет, үтүк, чайнек, батинке ж.б.у.с.

Булактар

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4