Орхон жазуу эстеликтери – Моңголиядагы Орхон, Селенга дарыясынын боюнан табылган, түрк тилдүү байыркы элдердин, уруулардын 7– 8-кылымга таандык деп эсептелген жазуулары. 1889-ж. окумуштуу Н. М. Ядринцев алгачкы жолу Кошо-Цайдам деген жерден орхон жазуу эстелигин тапкан. Ал жазууну 1891-ж. В. В. Радлов окуп, ал Күлтегинге коюлган эстелик экенин аныктаган. Ошол эле жылы Н. М. Ядринцев Билге кагандын (Могилян каган) эстелигин ачкан. 1897-ж. Е. Н. Клеменц Тонйукукка коюлган эстелик жазууну, 1909-ж. профессор Г. И. Рамстедт Моюн-Чур эстелигин, 1912-ж. профессор В. Л. Котвич Кули-Чурга коюлган эстелик жазууларды тапкан. Бул эстеликтер кагандарга, алардын жакын туугандарына арналып, эпитафиялык маанайда чегилген көлөмдүү жазуулар. Мында байыркы түрктөрдүн акылмандары менен билермандары адам акылына сыйбагандай атайын даярдалган зор таш такталарга өзүлөрүнүн дүйнө таанымын, тарыхын, турмуш образын, мамлекеттик башкаруу системасын түбөлүккө калтырышкан. Эстеликтердеги жазуулардын бири ошол кездеги Борбордук Азиянын, ага чектеш аймактарда жашаган түрк урууларынын орток адабий тили жана ошол элдердин тил Маданиятынын жогорку бир көрсөткүчү болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү