Осмон (туулган жылы белгисиз – 656) – Араб халифаттын 3-халифи (644-жылдан), Омейяддар тукумунан. Мухаммеддин күйөө баласы жана анын мүдөөлөштөрүнөн. Осмондун тушунда халифаттын аймагы бир кыйла кеңейген. Осмондун тапшырмасы боюнча Курандын расмий редакциясы түзүлгөн. Мекелик, көбүнчө Омейяддардан чыккан ак сөөктөрдү колдогон. Мединада ага каршы башталган көтөрүлүштүн учурунда өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү