Осмонкулов Жапарали Адашкановвич

Осмонкулов Жапарали Адашканович - жазуучу.

Жапарали Осмонкулов Кара-кулжа районундагы Сары-Камыш айылында 1958-жылы 11-майда туулган.
1981-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин ийгиликтүү аяктайт.
Эмгек жолун1981–1983-жж. Кара-кулжа районундагы Карл Маркс орто мектебинде орус тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1983–1985-жж. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Запастагы лейтенант.
1985–1991-жж. “Тельман”, “Сары-Камыш” орто мектептеринде мугалим болуп иштеген, 1991–1992-жж. “Дастан” аттуу рекламалык-саясий журнал ачып, анын биринчи редактору, 1993–1995-жж. “Мурас” журналынын башкы редакторунун орунбасары, 1995-жылы “Эл дүйнөсү” тарыхый-этнографиялык журналдын башкы редактору, 1999–2005-жж. республикалык “Кыргыз Туусу” гезитинде кызматкер, Өкмөттүк “Эркинтоо” гезитинин башкы редакторунун орунбасары кызматтарында иштеген.
Учурда өзү негиздеген “Эл дүйнөсү” аттуу адабий көркөм журналдын башкы редактору.
1993-жылы “Күн кызарып батканда” аттуу китеби жарыкка чыгып, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар сыйлыгына татыктуу болгон.
1993-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2001-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” наамына, 2004-жылы респубикалык Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыкка татыган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Күн кызарып батканда: Аңгемелер. – Б.: Тянь-Шань, 1993. – 158 б.

Өмүрдүн көз ирмемдери. –Б.: Бийиктик, 2000. – 192 б.

Төгө бер жамгыр!: Балдар үчүн китеп. – Б.: Бийиктик, 2004. – 44 б.

Көктөмдө келген кубаныч. – Б.: 2005. – 72 б.

Өмүр жол. – Б.: Кутбер, 2008. – 160 б.