Осмонкул Бөлөбала уулу (1888, Кант району - 1967, Фрунзе ш.) - төкмө акын, айтыш өнөрүнүн эң ири устаты, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1942).

Адегенде айыл молдосунан, андан кийин диний мусулман мектебинен 6 жыл таалим алган. Кат сабаттуу болгондуктан, Октябрь революциясына чейин эле эски жана жаңы өзбекче, казакча чыккан адабий чыгармалар менен кабардар болгон.

«Кыз Жибек», «Козукөрпөч-Баянсулуу» өңдүү дастандарды окуп, алардан айрым үзүндүлөрдү домбранын коштоосунда аткара билген. Төкмө ырчы катары Октябрь революциясынан кийинки жылдары жетилген.

  • Анын ырчылык өнөрүнүн өөрчүшүндө К. Акиевдин ролу зор.
  • 1926-ж. Кыргыз театр студиясына (кийин театрга айланган) кирген, айрым спектаклдерде ролдорду аткарган.
  • 1936-54-ж. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониянын ырчысы болгон.
  • Элдик ырларды аткаруу менен «Солтолордун солкулдак обону», «Таалайлуу элдин бир кызы», «Колхоздогу курбума», «Кызыл-гүл» сыяктуу ырларга обон да чыгарган.

Алымсабак, учурашуу, терме, санат ж. б. ырларды өзүнө мүнөздүү мукамдуу обондордо аткарган. Казак акындар менен айтышкан. 1936-ж. туңгуч ыр жыйнагы («Осмонкулдун ырлары») жарык көргөн.

Негизги китептери: «Ырлар» (1947), «Ашымжан» (1949), «Мекен» (1950), «Тандалган чыгармалар» (1960) ж. б. жыйнактары; «Өлбөс адамдар» (1965), «Менин өмүрүм» (1968) аттуу мемуардык чыгармалар. Анын «Ашымжан», «Сапарбек», «Баатырдын баяны», «Чыныбай мерген» өңдүү поэмалары бар.

Кийин «Тандалган чыгармалар» (1974), «Тандалмалар» (1978), «Ь1рлар» (1981) деген китептери чыккан. Кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын да жакшы билген. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.