Осмонов Арапбай 1914-жылы азыркы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

Багыш айылындагы бапггалгыч мектепти бүтүргөн соң, айдоочулук кесипке окуган. Жаштыгы колхоздоштуруу убагына туш келип, ага активдүү катышкан. Жаштардын техниканы үйрөнүүсүнө жакшы жардамын көрсөтүп, көптөгөн механизаторлорду даярдап чыгарган. Улуу Ата мекендик согуш башталганда, 1941-жылы август айында өз ыктыяры менен согушка жөнөп, артилерияда кызмат өтөгөн. Согуштагы каармандыгы үчүн, аскер жетекчилигинин көптөгөн алкыштарына, ”3а отвагу”, “За боевые заслуги” медалдары, Евпатория, Перекоп шаарлары үчүн болгон согушта, И.В.Сталиндин өз колунан сыйлык алууга татыган.

Кенигсберг (азыркы Калининград) шаарын бошотууда оор жаракат алып, жеңиш күнүн госпиталда тоскон. Госпиталдан 1945-жылы август айында чыгып, өз айылына кайтып келип, өмүрүнүн акырына чейин айдоочулук кесибинде эмгектенип келген. 1978-жылы согушта алган жаракатынын кесепетинен 64 жашында каза болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3