Осмонов Артык (13.5.1929-ж.т., Айгыр-Жал айылы) - айыл чарба тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.

  • Талас облусунун Ленинполь районундагы зоотехникумду бүткөн (1949).
  • 1950-54-жылдары “Айгыр-жал ” колхозунда зоотехник,
  • 1954-60-жылдары талаа бригадири,
  • 1963-69-жылдары Кызыл-Токой айылында дүкөнчү,
  • 1968-74-жылдары кой бригадири,
  • 1974-89-жылдары “Айгыр-Жал” колхозунда кой ферма башчысы болуп иштеген.
  • Кызыл-Токой айылында мечит курдурган (2009).
  • Грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6