Осмонов Майрамбек (1973-ж. т., Толук айылы) - обончу аткаруучу.

Токмоктогу музыкалык окуу жайын (1992), Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Учурда «Ак кеме» аттуу чыгармачыл топтун жетекчиси. бОтан ашык обондуу ырлардын автору. 2000-ж. «ЧоңКО» («Чоң Куудулдар ордосу») фестивалында пародист-куудул катары 2-орунга, «Ош 3000» мааракесинде Ош шаарына арнап чыгарган ыры 1-сыйлыкка татыктуу болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5