Осмон Уста (Туулган, өлгөн жылдары белгисиз) Ат-Башы, Нарын аймагында дүңү чыккан уста болгон. Эки-Нарындык моңолдор элинен.

Айтымбет зергердин өз тукумунан болот. Колхоздошууга чейин тынбай узанып, эл ичинде «Осмон уста камчы сабына тапанча (наган) орнотуп, кадимкидей камчыланып жүргөн», «Бай-манаптар, болуш-бийлер үчүн узангансың», - деп аны куугунтукка алышкан», «Кийинчерээк кара жанын ала качып жүрүп калган», «Көл бетине да ооп барган», - деген өңдүү сөздөр азыр да айтылат. Кармаган буюм тайымдары өз учурундагы усталардан анча таанылбай калган. Токтобай Токтоболот уулунун (Ат-Башы району, Өзгөрүш айылы) айтымында, ал Осмон устанын шекити болгон, андан сырткары Мукаш уста, Көпөс уста (Тянь-Шань району, Дөбөлү айылы) өңдүүлөрдү нускалаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0