Осморегуляция (осмос жанa лат. regulo — багыттайм) — организмдеги суюктуктардын осмос басымын бир калыпта сактап туруучу физ.-хим. жанa физиол. процесстердин системасы.

Ткандардагы туз жанa суунун катнашы белгилүү өлчөмдө болгондо та­на осмос басымы туруктуу болот. Ошондуктан Осморегуляция организмге суу менен туздардын (көбүнчө хлордуу натрийдин) белгилүү өлчөмү азык ж. б. аркылуу кошулуп жанa керектүү мезгилде бөлүп чыгаруу органдары жана тери аркылуу сыртка чыгарылып турушу менен ишке ашырылат.

Сүт эмүүчүлөрдүн, адамдын денесинде суу жана хлордуу натрий бөйрөк, тер бездери аркылуу сыртка чыгарылат. Ос­мос басымын туруктуу кармаган суусуз алмашуу процесси борб. нерв системасы жана ички секреция бездери (мис., гипофиз) менен башкарылат. Осморегуляция балык ж. б. суу жандыктарынын тиричилиги үчүн өтө маанилүү.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.