Ост-Индия компаниялары – Англия, Голландия, Франция мамлекеттеринин Ост-Индия (Индия, Түштүк-Чыгыш Азия) жана Кытай менен соода жүргүзүүчү уюмдары. Ост-Индия компаниялары аркылуу европалык державалар Азияда колониялык саясатын күчөткөн. Англиялык Ост-Индия компаниясы (1600–1858) Ост-Индия (Индия жана Түштүк-Чыгыш Азия) жана Кытай менен соода жүргүзүүчү жеке компания катары түзүлүп, кийин басып алынган аймактарды эксплуатациялоочу, башкаруучу саясий органга жана англиялык өкмөттүн аппаратына айланган. 1623-жылдан Англиялык Ост-Индия компаниясы өз иштерин негизинен Индияда жүргүзүп, ал жерден Азия жана Европа өлкөлөрүнө кездеме, жип, индиго (боёк), апийим, селитра жөнөтүп турган. Англиялык Ост-Индия компаниясы 17-кылымда эле бир катар мамлекеттик укуктарга (согуш ачууга, тынчтык келишим түзүүгө, тыйын чыгарууга, армия кармоого ж. б.) ээ болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан соода кылууда баскынчылык жана жергиликтүү элди талап-тоноо саясатын жүргүзө баштаган. 1849-ж. Индияны басып алган. Анын Индиядагы колониялык саясаты индиялыктардын өлүмүнө, жакырдануусуна, өнөр жайы менен айыл чарбасынын төмөндөшүнө алып келген. 1858-ж. Индия элинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында Англиялык Ост-Индия компаниясы жоюлган. Голландиялык Ост-Индия компаниясы (1602–1798) Илгери Үмүт тумшугунан Магеллан кысыгына чейинки мейкиндикте Голландия империясынын колониялык саясатын жүргүзгөн. Франциялык Ост-Индия компаниясы (1664–1719) Индия менен монополиялык соода жүргүзүү максатында уюштурулган. Индия жээктеринде бир нече фактория (Масулипатам, Маэ, Чандернагор ж. б.) түзгөн. 18-кылымдын башында Индия компаниясы деп аталган жаңы франциялык компания Франциялык Ост-Индия компаниясын каратып, Франциянын деңизде жүргүзүп жаткан соодасын өзүнө монополиялаштырган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү