Осубекова Гулзат Темировна

Осубекова Гулзат Темировна (1974) — филолог-окутуучу. Филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Осубекова Гулзат 1974-жылы Нарын областынын Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында туулган. Улуту – кыргыз.

  • 1991-жылы Кочкор районундагы Кум-Дөбө орто мектебин аяктаган.
  • 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин  кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты орус мектептеринде бөлүмүн бүтүргөн.
  • 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин аспирантура жана магистратура бөлүмүн аяктаган.
  • 1998-2001жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу лаборанты болуп иштеген.
  • 2001-2004-жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин  кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын окутуучусу, ал эми
  • 2004-2012-жж. аталган кафедранын улуу окутуучусу болуп эмгектенген.
  • 2012-жылдан баштап кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы болуп эмгектенет.
  • 1911-жылы филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. Темасы: “Ашым Жакыпбековдун чыгармачылык изденүүлөрү”.

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат түзөтүү

Үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси. Өзү сегиз бир тууган. Жубайы - Жакыпов Таалайбек - жеке ишкер. Уулу -Таалайбеков Сыймык - окуучу.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Жазуучу Ашым Жакыпбековго таандык поэтикалык стилдин, турмуш чындыгын көркөм чагылдыруудагы өзгөчөлүктөрүн аныктоо, бул үчүн анын жазуучу катары калыптануу учуруна өзгөчө көңүл бөлүү; чыгармаларындагы кыргыздык дүйнө тааным менен философиялуу ой жүгүртүүлөрдү улуттук колориттеги көркөм образдар аркылуу ачып берүү өзгөчөлүгүн, жазуучунун адабий-эстетикалык табити, повесть-аңгемелеринин идеялык - көркөмдүк деңгээли,  жазуучунун поэтикасы :  сюжеттик-композициялык жактан уюштуруу, мүнөз түзүү өзгөчөлүгү, көркөм психологизм маселеси, жазуучунун чыгармачылыгында фольклордук эстетиканын катышын, белгилеп көрсөтүү; Ашым Жакыпбековдун котормо өнөрүндөгү ийгиликтерин көрсөтүү; жазуучунун эпос өзөктүү роман  жаратуу эксперименттерине ар тараптуу адабий анализ жасоо жана бул маселе-көрүнүштөрдүн бардыгын жазуучунун өмүр жолу, улуттук адабияттын  өнүгүш тенденциялары менен кошо – эриш-аркакта, синтезде кароо.

Негизги илимий–методикалык эмгектери түзөтүү

  1. “Ашым Жакыпбековдун чыгармачылык изденүүлөрү”. Монография.-Б.: Бийиктик, 2014.-143-б.
  2. Профессор Батаканова С.Т., окутуучу Асанова З.С. менен биргеликте жазган-Кыргыз тилинин практикалык курсу боюнча методикалык окуу куралы“.-Б.: Кут Бер, 2017.-92б.

Сыйлыктары. түзөтүү

  • 2012- ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын “Ардак Грамотасы”
  • 2013-ж. К.И.Скрябин атындагы КУАУнун “Ардак грамотасы”