Отор саясаты
ОТОР САЯСАТЫ, Россия падышачылыгынын Кыргызстандагы отор саясаты. 19-кылымдын 60–70-жылдарында жаңыдан каратылган жерлерде падыша өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоо, орусташтыруу жана жергиликтүү элдин толкундоолорун басып туруу үчүн оокаттуу орус дыйкандарын Түркстанга «оторлоштуруу» менен башталган бул процесс кийин 90-жылдардагы Россия империясынын борбордук губернияларындагы агрардык кризиске байланыштуу орус дыйкандарынын чет-жакаларга массалык түрдө жер которуусу менен коштолгон. Кыргызстанда биринчи орус кыштагы Токмок коргон-чебинин жанында Сибирь губернияларынан жана Россиянын европалык бөлүгүнөн келгендер тарабынан 1866-жылы түзүлгөн. 1867-жылы Пишпекке (Бишкекке) жакын жерде Лебединовка кыштагы түзүлүп, 40 киши орун-очок алган. 19-кылымдын 70-жылдары Таластан Чүй өрөөнүнө, андан Ысык -Көл ойдуңун көздөй кеткен аскер-соода жолдорунун боюнда бир катар кыштактар пайда болгон. Орус кыштактарын жайгаштыруу атайын план боюнча жүргүзүлгөн. 19-кылымдын 90-жылдарынын башында Россиянын европалык бөлүгүндө түшүмсүздүк, ачкачылык болгонуна байланыштуу империянын чыгыш жактарына, анын ичинде Кыргызстанга да өз бетинче жер которуп келгендердин мурда болуп көрбөгөндөй толкуну каптап кеткен. Ушундан баштап Кыргызстандын түштүгүнө да келгиндер көп келе баштаган. 1893-жылы Ош уездинде 20 үй-бүлөдөн турган Покровка аттуу (Куршаб) орус кыштагы түзүлгөн. 1897-жылы дагы үч кыштак уюшулган. Алар Киев губерниясынын Канаев уездинен келишкен дыйкандарга таандык эле. Ошол жылдары Чаткалда Александровский, азыркы Аксы районунун аймагында Успенский кыштактары пайда болгон. 1899-жылы катаал шарттарга чыдай албаган орус дыйкандары Чаткалдан көчүп кетишкен. Успенский болсо жергиликтүү элде «Мужук» деген ат менен өнүгүп, кийин чоң кыштакка айланды (Жергетал). Кыргызстандын түштүгүндөгү отор саясатынын экинчи толкуну 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө байланыштуу Көгарт өрөөнүнө орус дыйкандарын олтурукташтыруу демилгесинен башталат. 1899-жылы азыркы Жалал-Абад шаарына жакын жерде Благовещенский кыштагы, Базаркоргон районунун аймагында Николаевский, 1906-жылы Көгартта Спасский кыштактары пайда болгон. 1912-жылга карата Жалал-Абад облусунун аймагында Көгартта: Благовещенский, Спасский, Көкжаңгак, Жергетал, Таранбазар; Базаркоргондо – Николаевский; Аксыда – Успенский; Кетментөбөдө – Кетментөбө кыштактары болуп, аларда үч миңге жакын орус дыйкандары олтурукташкан. 19-кылымдын 90-жылдары өз бетинче жер которуп келгендер мурункулардан («старожильцы») айырмаланып алардын басымдуу бөлүгү туулган жерлерин өзүлөрү таштап кеткен эң кедейдыйкандар болгон. Аларды жайгаштыруу үчүн бош жер издөө, жер үлүшүн чектөө маселелерин чечүү падышачылыктын саясатынын реакциялык маңызын, элге каршы мүнөзүн ачып көрсөткөн иш-чаралар менен коштолгон. Падышалык Россия үчүн негизги максат – өтө кедейленип кеткен дыйкандарды чет-жакаларга «ыргытуу» жолу менен Россиянын борбордук райондорунда агрардык кризисти басаңдатуу эле. Бул саясат 1903-жылдын 10-июнундагы жана 1906–10-жылдардагы столыпиндик агрардык саясаттын жылдарында биротоло калыптанган. Отор кыймылынын учурунда жергиликтүү бийликтер борбордук губерниялардан жаңы келген дыйкандарды жерге орноштурууга үлгүрө албай калган, бул жагдай келгиндердин да, түпкү элдин да нааразылыгын туудурган. Ошентип, падышачылыктын чет-жакаларга өзүнө таяныч түзүп, өлкөдөгү агрардык маселени чечмек болгон жер которуу саясаты күткөн үмүттү актаган эмес. Тескерисинче, жаңы аймакта жаңы агрардык кризистин пайда болуусуна алып келип, алардын баары Түркстан калктарынын, анын ичинде кыргыздардын Россиянын колониялык саясатына күчтүү нааразылыктарды жаратып, 1916-жылы көтөрүлүштүн өбөлгөлөрүн калыптандырган.
Адабият
түзөтүүКыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.