Отосклероз — кулак оорусу. Мында ортоңку жана ички кулакта сөөк тканынын өсүп кетүүсүнөн уктургуч сөөктөр аркылуу добуш толкунун ички кулакка өткөрүү бузулат.

Кулактын түзүлүшүнүн схемасы (жара кесилген). Стрелка менен угузуучу сөөк (үзөңгүчө) көрсөтүлгөн, ал отосклероздо кыймылдабай калат. Оңдо төмөн жакта соо угузуучу сөөктөр берилген (чоңойтулган): 1— үзөңгүчө; 2— балкача; 3— дөшүчө.

Себептери түзөтүү

Буга уктургуч сөөктөрдүн биринин кыймылсыз болуп калышы түрткү болот. Отосклероз менен көбүнчө жаш аялдар ооруйт. Анын биринчи белгилери — кулак чуулдап, угуу начарлайт. Көп жылдар бою билинбей угуу начарлап отуруп дүлөйлүккө алып келет. Кээде отосклероз өтө жай өөрчүйт. Кээ бир жагымсыз таасирлер, мисалы, кесип зыяндуулугу (чуулдоо, дирилдөө, сымап, коргошун менен өнөкөт уулануу жана башкалар) жана инфекция оорулары отосклероздун өөрчүшүн тездетет.
Ошондой эле төрөттөн кийин да күчөшү мүмкүн.

Дарылоо түзөтүү

Оорунун башталышында дары колдонуу кулактын чуулдашын бир аз басат жана бир аз жакшы угуп калат. Бирок бул убактылуу гана болот. Укпай калганда угузуучу аппараттар колдонулат. Дарылоо хирургиялык операция жолу менен жүргүзүлөт. Бирок операция оорунун башталышында жасалса натыйжалуу болот. Ошондуктан оорунун биринчи белгилери башталганда эле врачка кайрылуу керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8