ОТРАР – Сырдарыянын ортонку агымындагы б. з. ч. 1-кылым – б. з. 16-кылымдагы шаар. Түштүк Казакстандагы Отрартөбө шаар чалдыбары менен окшоштурулат. Орхон-Енисей жазмаларында шаардын аты Кеңү-Тарбан деп берилет. Араб географы Йакут Хамави (13-кылымдын башы): «Турарбанд – Сейхундун өйүзүндөгү шаар… Бул чөлкөмдүн эли анын атын ар кыл айтышат; Турар деп да, Отрар деп да айтылат», – деп эскерет. Отрар араб даректеринде Фараб деп да айтылат. Отрардын айланасындагы аймак да жалпы жонунан Фараб аталган. Бул аймактан Абу Наср ал-Фараби ат-Түрки (870–950) жана башка окумуштуулар чыккан. Орто кылымдардын алгачкы мезгилинде бул жерде огуздар жашаган, аларды 10–11-кылымда кыпчактар сүрүп чыгарган. 1218-жылы бул шаардагы Хорезмшах Мухаммедге баш ийген Йинал хан деген адам Чыңгыз хандын соода кербенин талап, соо-дагерлерин өлтүргөн жана ушул окуяга шылтоолоп, Чыңгыз хан 1218-жылы Отрарды талкалап, Орто Азиянын башка аймактарын басып алган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.