Отуз-Адыр каналы - Ош облусунун, Кара-Суу районунда. Канал Куршап суусунан башталат. 1941-ж. курула баштап (кол менен казылган), 1948–52-ж. суу жыйноочу бөгөт, тоннель, суу бөлүштүргүч, сугат тармактарын куруу иштери жүргүзүлгөн. 1952-ж. Кара-Суу районундагы жаңы уюштурулган совхоздордун пахта талааларына алгачкы ирет суу жеткирилген. Каналдын жалпы узундугу 43,5 км, сексына 13,0 м3 суу өткөрөт. 7 миң га жер сугарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү