Оуэн Колфер (англ. Eoin Colfer; 1965-жылдын 14-майында туулган) — балдар китептерин жараткан ирландиялык жазуучу. Ал жазуучулукка биротоло кирип кеткенге чейин башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген. Ал "Артемис Фоул" (англ. Artemis Fowl) циклинин автору катары белгилүү. 2008-жылы сентябрда Колферге "Автостоп менен галактикага кантип барыш керек?" (англ. Hitchhiker's Guide to the Galaxy) сериясынын "Анан дагы..." (англ. And Another Thing...) аттуу алтынчы бөлүмүн жазуу тапшырылып, ал 2009-жылы октябрда басылып чыгарылган.

Оуэн Колфер.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Оуэн Ирландиянын Уэксфорд жергесинде туулган. Ал "Артемис Фоулдун" биринчи китебин жарыкка чыгарып, New York Times гезитинин бестселлерине айланганда жана бир нече уландыларын жазганда 2001-жылы дүйнө жүзү боюнча атак-даңкка жеткен. Анын башка популярдуу чыгармаларынын арасында "Жарым ай изилдөөлөрү" (англ. Half Moon Investigations), "Каалоо тизмеси" (англ. The Wish List), "Адаттан тыш болгондор" (англ. The Supernaturalist) жана "Оуэн Колфер уламыштары" (англ. Eoin Colfer's Legends) циклдери бар. 2008-жылдын январында Колфер дагы бир бестселлер болгон "Учкуч" (англ. Airman) чыгармасын жараткан. Бүгүнкү күнгө чейин анын китептеринин жарымынан көбү New York Times гезитинин тизмесине, жок эле дегенде, бир жолу илинген.

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү