Еркимбаева Офелия (1. 10. 1937-ж. туулган‚ Фрунзе - 11.8. 2017) – театр режиссёру‚ драматург‚ КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2003)‚ КРдин эл артисти (2008). Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы хореография окуу жайында окуган (1947–53). 1954–55-ж. Кыргыз опера жана балет театрында балет артисти. 1957-ж. М. Күрөңкеев атындагы муз. окуу жайын, 1962-ж. ГИТИCтин актёрлук факультетин бүтүрүп‚ Кыргыз телекөрсөтүүсүндө режиссёрдун ассистенти‚ 1962–66-ж. Нарын музыка-драма театрында артист. 1970-ж. ГИТИCтин режиссёрдук факультетин бүтүрүп‚ Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист‚ режиссёр-коюучу болгон. Театрда Г. Фигейредонун «Эзоп»‚ А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»‚ Н. Гоголдун «Үй­лөнүү»‚ Т. Абдымомуновдун «Малика»‚ К. Эшмамбетовдун «Эгиздер»‚ Лопе де Веганын «Бий мугалими» жана башка‚ Н. К. Крупская атындагы Орус драма театрында У. Шекспирдин «Азоого чалма»‚ «Король Лир»‚ К. Эшмамбетовдун «Cарынжи» жана башка‚ М. Жангазиев атындагы Куурчак театрында Г. Х. Андерсендин жомогу боюнча «Булбул» спектаклин‚ ошондой эле Башкыр академия драма театрында‚ Тува мамлекеттик музыка-драма театрында‚ «Кыргызтелефильмде» бир катар спектаклдерди койгон. Еркимбаева – «Жазылбаган барактар»‚ «Биздин үй-бүлө»‚ «Таштанды бала»‚ «Эмигранттар»‚ «Тагдыр» жана башка пьесалардын автору. Орус классиктеринин бир катар чыгармаларын которгон. 2002-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын режиссёру.

Офелия Еркимбаева
Офелия Шергазиевна Еркимбаева, Офелия Еркимбаева
Жынысы Аял
Жарандыгы Советтик Социалисттик Республикалар Союзу, Кыргызстан
Эне тилиндеги ысымы Офелия Шергазиевна Еркимбаева, Офелия Еркимбаева
Туулган датасы 20 январь 1937
Туулган жери Бөкөнбаев кыштагы
Өлгөн датасы 11 август 2017
Энеси Еркимбаева Мунжия Закировна
Бир туугандары Токомбаева, Айсулуу Асанбековна, Токомбаева Гүлмира Асанбековна
Кесиби Актер
Educated at Russian Institute of Theatre Arts, Vaganova Academy of Russian Ballet

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1