Офис (Америкалык телесериал)

Офис (англ. The Office) — 9 сезондон турган америкалык ситком-сериал. Анда Скрэнтон шаарындагы (Пенсильвания штаты) ойдон чыгарылган Dunder Mifflin Paper Company кагаз сатуу компаниясынын филиалындагы жөнөкөй кызматкерлердин кеңседеги күнүмдүк турмушу чагылдарылат. Сериал NBC каналында 2005-жылдын 24-мартынан тартып, 2013-жылдын 16-майына чейин көрсөтүлгөн. Телесериалдын түзүүчүсү Грег Дэниелс ушундай эле аталыштагы, 2001–2003-жылдары BBC каналында көрсөтүлгөн, Рики Джервейс жана Стивен Мерчант ойлоп чыгарган британиялык сериалды америкалык версияга адаптациялаган. Алгачкы продюсерлери – Дэниелс өзү жана Рики Джервейс, Стивен Мерчант, Говард Кляйн, Бен Сильвермандар болгон. Сериалдын кийинки сезондорунда ага тартылган бир катар актерлор да бул кызматты бирдей аркалашкан.

Офис
The office US.jpg
Жанр

Псевдодокументалдык,Кринж-комедия,Ситком

Жараткан

Грег Дэниелс

Ролдордо
Композитор

Джей Фергусон

Мамлекет

 АКШ

Түпнуска тили

англис

Сезондордун саны

9

Сериялардын саны

(Эпизоддордун тизмеси)

Өндүрүш
Аткаруучу продюсер
Продюсер
Оператор
  • Рэндолл Айнхорн
  • Мэтт Сон
  • Сара Леви
  • Питер Смоклер
Хронометраж

22–42 мүнөт

Трансляция
Телеканал

NBC

Экрандарда

24-март, 2005-жыл
16-май, 2013-жыл

Видео форматы

HDTV 1080i

Үн форматы

Dolby Digital

Шилтемелер
IMDb

ID ID 0386676

Британдык аналогундай эле сериал комедиялык жанрга тийиштүү болгон атайын коюлган кадр артындагы элдин күлкүсү сыяктуу жол менен эмес, бир камера менен тартылган документалдуу тасма сыяктантып тартылган.

«Офистин» биринчи сезону жарык көргөндө аралаш сындарга татыган, бирок көбүнчө Стив Кареллдин (Майкл Скоттту аткарган) аркасы менен экинчи сезондон баштап элге жагып, долбоор түрдүү сыйлыктарды ала баштаган: Пибоди сыйлыгы(2006), АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгы (2007, 2008), «Алтын глобус» (Стив Карелл) жана «Эмминин» төрт статуэткасын.

Rolling Stone журналы бул ситкомду 2016-жылы «Бардык убактагы 100 эң мыкты телевизиондук шоу» тизмесине кошкон. [1]

Даярдоо жана тартуу иштери түзөтүү

Продюсерлер түзөтүү

Грег Дэниелс The Office долбоорун америкалык телеберүүгө ылайыктап адаптациялап, анын алгачкы төрт сезонун баштан аяк алып жүргөн, көзөмөлдөп, продюсер, шоураннерени болгон. Кийин ал кызматын таштап, "Парк жана эс алуу" ситкомунун сценарийи үстүнөн иштөө үчүн, "Офистеги" кесиптеши Майкл Шур менен бирге кеткен.[2] Пол Либерштейн жана Дженнифер Селотта бешинчи сезондун шоураннери болушкан. Селотта алтынчы сезондун аягында кетсе, Либерштейн кийинки эки сезонго да кызматында калган. Сегизинчи сезондон кийин гана "Ферма" аттуу Дуайт Шрут тууралуу өзүнчө спин-оффко кошулган.[3][4] Акыркы сезондо Дэниелс кайрадан шоуранер катарында кайтып келген. [5] Бир гана NBCнин командасы эмес, сериалдын айрым актерлору да продюсерлик кызматты айкалыштырган. Мисалы Б. Дж. Новак жана Минди Калинг. [6][7]

Ойлоп чыгуу жана сценарийин жазуу түзөтүү

Кастинг түзөтүү

Тартуу иштери түзөтүү

Музыка түзөтүү

Сюжети түзөтүү

Ролдордо түзөтүү

Эпизоддор түзөтүү

Сыйлыктар жана сындар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү